Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:46
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат

17.10.2023 09:32
1395
Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат


Пекинде Кыргызстандын, ал эми Бишкекте Кытайдын маданий борбору ачылат. Тиешелүү макулдашууну ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети карап, ратификациялап берди.


Өз ара маданий борборлорду түзүү жөнүндө келишимге эки өлкөнүн өкмөт башчылары үстүбүздөгү жылдын 18-майында кол койгон.


Аталган макулдашуу тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул саамалык улуттук маданиятты чет өлкөлөрдө жайылтуунун эффективдүү инструментин түзүү жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.


"Маданий борборлорду түзүү маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга жана кызматташууга дем берет. Кыргыз маданий борборун түзүүгө Кытайдын жараны Пэн Сяолань демөөрчүлүк кылууда. Ал — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси", — деди Аскарова.


Ал эми Бишкектеги Маданий борборду кытай өкмөтү өзү каржылайт, анын ачылышы 26-октябрга чейин болору күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн