Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кытайдын катуу эскертүүсүнө карабай Тайвань Пелосинин сапарына даярдык көрүүдө (фото)

02.08.2022 18:35
709
Кытайдын катуу эскертүүсүнө карабай Тайвань Пелосинин сапарына даярдык көрүүдө (фото)

Америка Кошмо Штаттарынын парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга боло турган иш сапарына дүйнө көз салууда.


Буга чейин бир нече чыгыш өлкөлөрүндө иш сапары менен болгон спикердин Тайванга боло турган иш сапары Кытай тарабынан кескин сынга алынып, Нэнси Пелосинин Тайванга боло турган иш сапары "чектен ашкандык" катары бааланарын жана Кытай тараптан катуу чара көрүлөрү эскертилген.


Ага карабай бүгүн, 2-августта АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Тайванга сапар тартканы айтылууда. Ошондой эле Тайвань аны тосуп алуу үчүн кызыл килемди даярдап жаткан сүрөттөр тарады.


Буга улай Кытай аскерлери Тайванга жакын аралдагы пляждарга танктарын тарткан видеолор тарады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн