Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан элин жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Коронавирус инфекциясы күч алган соң, Кыргызстан менен Кытай бири-бирине колдоо жана жардам көрсөтүп келе жатат, эпидемия менен биргеликте күрөшүүдө жемиштүү кызматташтыкты жүргүзүүдө. Бул кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин толук чагылдырат. Эки өлкөнүн эли жалпы күч-аракеттеринин негизинде COVID-19 эпидемиясын кыска мөөнөттө сөзсүз жеңерибизге ишенем.
Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө абдан көңүл буруу менен эки өлкөнүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгын Сиз менен биргеликте алдыга жылдырууга даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин дос мамиледеги Кыргызстанга өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт жана тынчтык каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн