Бугу 12, 2024
Убакыт: 12:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кытайдын түштүк-чыгышында суу ташкынынан 3 адам каза болду

23.06.2020 15:19
996
Кытайдын түштүк-чыгышында суу ташкынынан 3 адам каза болду


Кытайдын түштүк-чыгышында жайгашкан Гуйчжоу аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен суу ташкындоо орун алып, 3 адам каза болуп, 10 миңдеген адамдар көчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Суу ташкындоолор айрыкча Тунцзы жана Яньхэ башкармалыктарын көп жабыркаткан. Суунун катуу агымы Тунцзынын айрым жашоочуларынын үйлөрүн агызып, 3 кишинин өмүрүн алып кеткен. Жергиликтүү бийлик убактылуу жашоочу жай жана кийим кече менен камсыз кылуу үчүн 2 миллион юань (283 миң доллар) жардам катары бөлгөн.


 Бийлик өкүлдөрү провинциянын аймагындагы аба ырайынын коркунучун 86,4% баалаган. Метерологдор жаан токтобой жай берүүсү мүмкүн экенин айтат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн