Кытайлык “Жэньмин жибао” гезитине шилтеме жасаган РИА “Новости” Кытай коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгып, бардык клиникалык сыноолордон н кийин бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү кылганы жатат деп маалымдады.
Өлкөнүн илим жана техника министри Ван Чжиган Пекин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 73-сессиясында КЭР төрагасы Си Цзиньпин айткан бардык милдеттенмелерин аткарат деп билдирди. Айтымында, учурда вакциналардын 5 түрү даярдалууда, айрымдары сыноолордон өткөрүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн