Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.
Эске салсак, КРнын Президенти С.Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.
Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн