(Эне тил Академиясы менен кездешүү, Кыргыз элинин туңгуч жана чыгаан илимпозу, мударис Кусеин Карасай уулу 90 жашта)
Кыргыз филармониясынын маңдайындагы 61-үй. Күн батыш тараптагы терезе биз маектешип отурган үстөлгө, анан мындай күндүн нурунун 90 жылдыгын карыткан каарманымдын жүзүнө күн делбир нурун чайып туру. Айкөл күн десе, аны бизге жеткизип турган алпейим терезе десе (алпейим болбой калсын, чалкайган күндөн бизге чарчы үзүм гана тартуулап атпайбы), терезенин аркы жагында Саякбай, Сагымбайлар туру (Кусеин агайдын тагдыр буюрган кошуналары) үнсүздүккө айгай салып ийчүдөй (айгай салбай калсын, алар али бу дүйнөнүн таанылалек генийлери, ошол үчүн дидарынан муңайымдык байкалат) андан ары жагында карт Бакай Ала-Тоонун арасын серепчилей, Каныкей туру Тайторуну төлгөгө чаптырып коюп, алардын үстүндө Манас туру, азыр гана илме кайып болуп Аккуласын атырылткан бойдон кетчүдөй (кетпей калсын, азыр аны бүт дүйнө тургай, түрк эли жөндүү тааныйлек), мына ушул дүйнөнүн чөлкөмүн турактаган Хусаин агай туру жаныбызда 90дун кырына келип (90го келбей калсын, небересинен кичүү мага тамаша сөздөн ыргытып атпайбы, ак куунун жубундай болгон жубайына тийишип коюп атпайбы, ээ балам, сага караганда тыңмын, эртең менен дайым физзарядка жасайм, присядкадан эле 30ду жасайм деп атпайбы). Биз анан ал кишиге чепкенин жаап, топусун кийгизип сүрөткө тартып аттык. Жарыктык киши десе, биздин келгенибизге аябай сүйүнүп алыптыр. Анан не, бу дүйнөдө наристенин кыткылыктап күлгөнүнө, абышканын кудуңдап кубанганына не жетсин! Биз да анысына кубанып турдук. Аңгыча болбой редакциядан чыккандан бери оозуман түшүрүп ийчүдөй оюмда улам-улам кайталап келаткан суроомду айтып ийдим:
– Агай, кыргыздардын курултайына эмне себептен катыша алган жоксуз? Катышып калсаңыз эмне деп сөз айтмак элеңиз?
– Дачамда элем, келалбай калдым. Ооба, сүйлөйүн деп ойлогом. Сүйлөсөм эмнени айтмак элем? Биз кыргыз деген өтө байыркы элбиз. Муну мен эмес, аттуу-баштуу тарыхчылар айтып атат. А тургай христиандар сыйынып жүргөн Иса пайгамбардан да кыргыздар 150 – 200 жылга улуулук кылат. Илгери кыргыздар динлин деген славян элдери менен чогуу жашашкан. Кыргыз деген сөз түрк деген сөздөн мурда чыккан деп айтышат. Түрктөр да, казактар да кыргыз атам дешет. Сулайман Бакыргани деген мистик акын чыккан XII кылымда, ошол киши өзүнүн ырында жазат, кытай, кыргыз, кыпчак, инди элинин жашы тең деп. Мына бул 4-далил. Оо, уулум, «Манас» өңдүү дастанды түптүү эл гана жараткан. Кытайлар кыргызды ган-гунь дейт, гань-гунь деген тентек дегенди билдирет. Анан тентектенип жүрүп далайды көрбөдүбү (деп туруп өзүнүн күлкүсүнө салып, бир жыргап койду). Ушундай байыркы элдин уулу болуп туулганыма миң мертебе сыймыктанам...деди да өзүнөн өзү эле суроодон сырткары кепке өтүп, сөзгө маашырлана, кээде кудуңдап күлүп коюп, кээде кай бир чоңдорду тилдеп коюп, кээде макалдатып ийип, «Манастан» үзүндү айтып ийип, кээде Кылычтын ырын нөшөрлөтүп ийип өзүнчө бир кара сөздүн төкмөсүн ак жаан кылып отурду. Кытайда жүрүп калмак болуп кеткен 4 кыргызды кантип кыргыз кылгандыгын айтты. Калмакка аял болуп барып тилин унуткан кыргыз кызынын кантип намысына тийгендигин айтты (жарыктык киши, көрсө балапандайынан эле улутчул болуп өскөн тура). Кыргыздын аттуу-баштуу адамдары менен кантип жүргөндүгүн айтты. Кантип репрессиядан аман калгандыгын, кантип улуу урушка барбай калгандыгын, кантип КГБ аңдыганын (учурунда анын кабинетинин түбүнө өтүкчүнүн кейпин кийип КГБшниктер отурган экен), чоңдор менен болгон (Раззаковдон башка чоңдор менен ит менен мышык болуптур) «чоң казаттан» айтты. Анан карасаңыз, ошонун баарынан акылынын миң айлалыгынан атылбай аман калган Ала-Тоонун анабашы аркарындай болуп токсонго чыгып алганын. Столду үстөл деп койгондугу үчүн улутчул аталгандыгын айтты, бирде «жөө жүрүп» орустун уй сарайында жашаганын, бирде «төө минип» кремлчилер менен бир үйдө туруп, Каганович менен кантип кошуна болгонун айтты. Бирок бирдей эмгек кылып, Юдахинди кыргыз кылып, анан кантип орусча-кыргызча сөздүктүн (ансыз бул китептин жазылышы даркүмөн эле) автору болбой калгандыгын ачык айткан жок. Анан негизинен чоңдор асылып жүрүп мени баатыр кылды дейт, эч кимден коркпой калдым дейт. Кайра кийинки суроомду узаттым.
– Бу агай, токсон жашты ар кимге эле буюра бербейт экен. Сиздин 90 жыл өмүр сүргөнүңүздүн сыры эмнеде?
– Биринчиден, бул тукумдан болсо керек. Чоң атам 105ке чыккан. Агабыз 94кө чыкты. Дагы бир агалар 100гө чыгышкан. Экинчиден, жашоо образы ушуга шарт түздү го. Өмүрлүк жубайым экөөбүздүн ортобузда эч чыр-чатак болгон эмес, ынтымакта гана жашадык. Анан тамеки, ичкиликтен алыс болдум. Жакшы жолдошторду күттүм. Көп кордук көргөн күндөрү ошол көңүлүмдү көкөлөтчү. Анан силердей жаштардын колдоосу көп болду. Дагы айтсам, Одинцоводо жүрүп денемди суукка бышыргам, алиге чейин күн сайын физкультура жасайм, присядкадан отузду кылам.
Мына, кылым карыткан бир өмүрдүн бир туюм философиясы. Агайдын үйүнөн чыгып кетип баратып ар нерсени ойлоп коём. Илгери андай акыл карыткан аксакалдарын журт башчылары кеңешчи кылып алчы эмес беле. Андайдын туу үлгүсү Бакай да, ал эми Калыгулчу? Анан биздин бала кыялыбыз али калалек көрүнөт, азыркы президентибиз агайды кеңешчи кылып албайбы деп ойлоп коём. Андай болгон күндө Кусеин агай эч убакта Бишкекте Славян университетин ачтырмак эмес деп эки эселенип сүйүнүп коём. Али балабыз да...
«Асаба» гезитинин «генпланы» боюнча сизге «официальный» куттуктоону Кубат акебиз жазат дегенбиз. Бирок ал кишибиз Алайдан келелек. Анан Сөз аздектеп, Сөз багып, Сөз кунун билип, Сөзүнөн таанып жашаган сизге жаштар азыр куттуктоо Сөз айтуудан тартынып туру. Бир гана кааларыбыз Кусеин ата, жүз жашка чыгыңыз! Биз Сизге улуу куттуктоону ошондо айталы дедик, ага чейин Сөз издеп, дүйнө кезели. Айтмакчы, Сиз 100гө чыкканда Кубат аке 60ка чыгат экен, демек, пайгамбарлык Сөзүн айтат.
Бар болуңуз, байырлуу журттун Бабайы.
(«Асаба» гезити,
1992-жылдын 24-сентябры)
Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн