Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:02
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кытайлык ARROW компаниясы Кыргызстанда сантехникалык буюмдарды чыгарууну пландоодо

26.12.2022 12:47
371
Кытайлык ARROW компаниясы Кыргызстанда сантехникалык буюмдарды чыгарууну пландоодо

Кытайдан келген инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-декабрда агенттиктик директорунун орун басары Нурадил Баясов менен мамлекеттик геологиянын өкүлдөрү ARROW корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Х.Эргешованын көмөгү менен өттү. Ал аталган компания менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Кытайлык инвесторлордун иш сапарынын максаты ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын рынокторун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү болуп саналат.

Кытай тараптан ARROW эл аралык кызматташтык департаментинин аймактык директору Женни Пенг катышты.


КЭРдин Улуттук корпоративдик кредиттик маалымат системасынын маалыматы боюнча, товардык белги 2013-жылы катталган, 2022-жылдын августунда компания Шэньчжэнь фондулук биржасына кирип, бир айдын ичинде 200 миллион доллардан ашык каражат чогулта алган. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1,5 миллиард долларды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн