Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кытайлык адистер кеткенине байланыштуу 3 тоо-кен ишканасы иштебей турат

15.05.2020 15:10
973
Кытайлык адистер кеткенине байланыштуу 3 тоо-кен ишканасы иштебей турат


Кытайлык адистер кеткенине байланыштуу 3 тоо-кен ишканасынын иши токтотулган. Бул тууралуу 15-майдагы брифингде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов билдирди.

 

Анын айтымында бул ишканалардын иштебей туруусу экономикага терс таасирин тийгизет.


Жалал-Абад жана Ош облустарында үч тоо-кен ишканасынын иши токтотулган. Себеби, жыл башында Кытайга инженердик персонал кеткен, азыркы учурда өлкөдө коронавирустун кырдаалына байланыштуу, алар Кыргызстандын аймагына кире алышкан жок. Бул ишканалар өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин жол-жоболорун алып салгандан кийин өз ишин улантышат. Бул тоо кен казып алуу тармагынын жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө таасир этет , - деди Эмиль Осмонбетов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн