Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:39
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кытайлык гранттын эсебинен Бишкекте 5 көпүрө курулуп, 60 көчө оңдолот

16.09.2020 13:34
1352
Кытайлык гранттын эсебинен Бишкекте 5 көпүрө курулуп, 60 көчө оңдолот


Калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын директору Ма Джикианг, Кыргызстандагы China Road & Bridges Corporation корпорациясынын долбоор менеджери Чжан Синь жана техникалык менеджер Зияд Аль Сераван менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, анда КЭР грантынын экинчи фазасы боюнча «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун баштоо, кытай компаниясы жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын ортосундагы контракттык келишимге түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.


Вице-мэр кызматтарга кыска мөөнөттүн ичинде келишимдин ар бир пунктун карап чыгууну, Бишкек шаарынын мэриясы жана КЭРдин коммерция министрлигинин ортосундагы протоколдорду жана башка бардык маселелерди мыйзамдын негизинде чечүүнү тапшырды. Тараптар келишимге кол коюуга жана курулуш иштерин баштоого даяр экенин билдиришти.


Жайында мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы калаанын 60 көчөсүндө оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялап, жыйынтыгында Сhina Road and Bridge Corporation бөдрөтчү компаниясы аныкталган.


Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт ичинде Бишкекте 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 километр 60 көчөнү оңдоо пландалууда.


Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип, кайрадан курулат, ошондой эле тротуар жана ирригациялык түйүндөр салынат. Оңдоо иштери КЭРдин гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.


Сhina Road and Bridge Corporation кытай компаниясы бул тармакта тажрыйбасы бар. Алар Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 95 км жолду, 7 көпүрөнү куруп, 23 көчөнүн жол катмарын калыбына келтирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн