"Alibaba" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу аталган компаниянын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматында айтылат.
Ага ылайык, миллиардер Кыргызстандан тышкары, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Индия, Вьетнам жана Бутан өлкөлөрүнө медициналык каражаттарды берип жатат. Маалыматта ишкер бул мамлекеттерге баш аягы 1,7 миллион медициналык бет кап, 165 миң тест-система, коргоочу кийим, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана термометр жибере турганы айтылат.
Жек Ма - дүйнөдө таанымал кытайлык ишкер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү, Ошондой эле Азиядагы эң бай адамдардын катарында турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн