Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыяс Молдокасымов: Байтик Баатырдын 200 жылдык мааракеси алдында анын туулган жылы менен сүрөтүн тактап алалы

03.05.2022 15:36
4224
Кыяс Молдокасымов: Байтик Баатырдын 200 жылдык мааракеси алдында анын туулган жылы менен сүрөтүн тактап алалы


Адатта калк арасынан чыккан кадыр-барктуу тарыхый инсандар торколуу той-аш учурунда гана даңазага алынып, андан соң бир топко дейре коомчулуктун көңүл сыртында калат. Жадагалса той-аш учурунда айтылган убадалар унутта калып, даярдалган жыйнактар чыкпай, изилдөөнүн изи сууйт. Акыркы жылдары көп эле көзү өткөн тарыхый инсандар ушундай мамилеге туш болушту. Алардын арасына 175 жылдык торколуу тою 1996-жылы чоң салтанат менен өткөрүлгөн Байтик баатырды кошууга болот. Ал мааракеден бери Байтик баатыр тууралуу архивдик документтер дагы тереңирээк иликтенип, анын туулган жылы такталып, сүрөтүн да аныктоого аракеттер жасалды.

Чындыгында мындан 26 жыл мурда Байтик баатырдын 175 жылдык торколуу тою божомолго негизделип өткөрүлгөнү ырас. Ошол салтанаттын алдында Байтик баатыр тууралуу жарыяланган макалалардын дээрлик бардыгында анын төрөлгөн жылы 1820-жыл делген. Айрым божомолдордо 1819-жыл деп да айтылгандыктан анын 200 жылдык мааракесин 2019-жылы өткөрөбүз деп чыгышкан болчу. Бирок, биз Алматыдан табылган архивдик маалыматтарды талдай келгенде Байтик баатырдын 200 жылдыгы 2022-2023-жылга туура келгендиктен мааракени өткөрүүнү токтотууну сунуш кылган элек. Атайын демилгечи топ бул сунушту туура кабылдап, мааракени 2022-жылга жылдырышкан. Бирок ортодо ааламды каптаган пандемиядан улам даярдыктар кан буугандай токтоп, 2022-жылы Байтик баатырдын мааракесин өткөрүүгө пландаштырган иш чаралар аткарылган жок жана быйыл шашылыш өткөрүүгө даярдык болбой калды. Андыктан келерки 2023-жылы Байтик баатырдын 200 жылдыгына ар тараптан даярданып, 2019-жылы бекитилген иш чараларды толук аткарган соң гана өткөрүү туура болот деп ойлойбуз.

Байтик Канай уулу тууралуу архивдик документтерди кылдат иликтеп көргөнүбүздө, анын туулган жылы бир документте 1822-жылга, экинч бир документте 1823-жылга туура келүүдө. Алматы шаарындагы Казакстандын Борбордук мамлекеттик архивинен табылган архивдик бир маалыматта Байтик баатыр 1869-жылы 46 жашта болгондугу айтылат. 1886-жылы ал каза болгондо ал 63 жашта болгону да ошол кездеги мезгилдүү басылмаларга жазылган. Бул маалыматтарга таянсак анын туулган жылы 1823-жылга туура келет.

1872-жылы «Туркестанские ведомости» гезитинин 43-санына Байтик баатырга бир нече жолу жолуккан А. Хорошхин аттуу автор ал Пишпектин чет-жакасында жашаарын, жашы 50гө келип калганын жазган. Ошондой эле 1885-жылы Байтик баатыр жашаган Талкан болушундагы каттоодо ал 63 жашта экени жазылган. (төмөндө 1885-жылдагы каттоонун документинин көчүрмөсүн карагыла). Бул маалыматтарга таянсак Байтик баатырдын туулган жылы 1822-жылга туура келүүдө. Байтик баатыр тууралуу мындан башка да көптөгөн архивдик документтер Ташкенттин, Алматынын, Оруссиянын архивдеринде сакталып келет. 200 жылдык мааракени өткөрүүнүн алдында ошол документтердин көчүрмөлөрүн архивдерден алдыруу крек деген сунушум азырынча суу кечпей келет.

Алдыдагы мааракенин алдында тактала турган дагы бир маселе - анын сүрөтү тууралуу. Эл арасында буга чейин белгилүү болгон болжолдуу сүрөтүндө ал эки ийнине падышалык администрация ыйгарган капитан чинин билдирген белгини, сол көкүрөгүнө жалгыз орденин, мойнуна лентага байланган чоң алтын медалын тагынган, башына суусар тебетей кийген, аппак сакалы жайкалган, жашы 70тен эчак өткөн арыкчырай абышканы элестетет. Бул сүрөттү казак боордоштор Алматы болуштугунун болушу, насили казак деп айтып, жазып келишет. Байтик баатыр 1886-жылы 63 жашында, тактап айтканда пайгамбар жашында каза болгон. Демек, ошол кездеги эт, кымыздан өксү болбогон Байтик баатырдын чырымы алда канча жаш көрүнгөн. Анын үстүнө 1872-жылы жогоруда аты аталган А. Хорошхин аттуу автор аны мындайча сыпаттаган:

- Ал узун бойлуу, кең далылуу, үнү да айбаттуу, өткүр көздүү, чоң кара сакалы бар, баскан-турганы салабаттуу адам. Чындыгында эле ал майда, эби-сыны жок кара кыргыздардын арасында өзгөчөлөнүп турат.

Өз замандашынын жазганы боюнча, Байтик баатыр буга чейин элге белгилүү сүрөтүнөн бир топ айырмаланаары айкын. Ошондуктан биз көптөн бери анын сүрөтүн ар тараптан иликтеп отуруп, колубуздагы сүрөт Байтик баатырдын сүрөтү экенине ынанып, аны биринчи жолу «Азаттык» радиосу аркылуу 2003-жылы коомчулукка жарыя кылган элек. Төмөндөгү бул сүрөт падышалык жергиликтүү администрация тарабынан 1883-жылы тартылып алынып, ал жөн гана «Жетисуу облусундагы белгилүү манаптар менен көпөстөрдүн сүрөтү» деген аталышта сакталып келген. Бул сүрөттөгү 10 инсандын эч кимисинин ысымы көрсөтүлгөн эмес. Мындан бир нече жыл мурда алардын арасында отурган Шабдан баатырдын 34 жаш курагындагы сүрөтүн аныктап, тактап, анын урпактарына жана жалпы коомчулукка билдирген элек. Эми ортодо, Шабдан баатырдын жанында отурган кең далылуу, Шабдандан бойлуу, сыйлуу чапан кийип, орден-медалын, алтын курун тагынган, жашы алтымышты таяган алыбеттүү инсанды Байтик баатырдын өзү экенин 19 жыл мурда айтып чыкканбыз. Бул сүрөттөгү адам 60 жаштагы Байтик баатырдын дал өзү десек жаңылбайбыз. Бизге жеткен жазма булактардагы Байтик баатырды сүрөттөгөн даректер да аны ырастап, оюбузду бышыктайт. Ал бул сүрөттөн үч жылдан соң, 63 жашында дүйнөдөн көзү өткөн. Ошентип, Байтик баатыр буга чейин коомчулуктун аң-сезимине сиңгендей ак сакалдуу абышка эмес, анчалык алдан тайыбаган, салабаттуу, көзү өткүр, кең далылуу инсан болгону ырас. Андыктан алдыда 200 жылдык мааракесин өткөрүү алдында Байтик баатырдын сүрөтүн тактап алганыбыз да дурус болоор.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн