Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыяз Молдокасымов: Садыр Жапаровго өтө оор болот, ишеничти актай албаса өлкө туңгуюкка кептелет

23.12.2020 15:26
7157
Кыяз Молдокасымов: Садыр Жапаровго өтө оор болот, ишеничти актай албаса өлкө туңгуюкка кептелет



Садыр Жапаровдун жылдызы жанды, эл ага ооду.


Менден тааныштарым, туугандарым, журналисттер көп сурашат: "Кимди колдойсуз?" - деп. Мен: "Кимиси тарыхты колдосо, ошонусун колдойм" - деп  жооп берип келем.


Бирок мен эки жарым жыл мурда эле Арабаев университетинде өткөн бир чоң илимий жыйында кийинки Президент Ысык-Көлдөн, Бугунун Белек уруусунан болоорун айткам. Ага жыйында отургандардын бардыгы күбө.


Ооба, бул жолу сөз жок Садыр Жапаров шайланат. Мен да анын шайланышын каалайм! Анткени 5-октябрдан кийин өлкө тагдыры өтө чоң коркунучка туш болгондо мамлекетти Садыр Жапаров жана анын командасы сактап калды!


Бирок ага өтө оор болот. Өтө оор мезгилде жоопкерчиликти моюнга алып жатат. Өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалды оңдоп-түзөөгө темирдей бекем эрк керек. Садыр Нургожо уулунда эрк бар. Бирок ага тоскоол болуучу жагдайлар өтө көп. Эң башкысы кыйынчылыктарды жеңип чыгуу үчүн күчтүү, мекенчил, мамлекетчил, акактай таза командасы болуусу абзел. Азыркыга чейин убактылуу кызматка коюлгандар, шайлоо учурунда аны тегеректеп, чуркап жүргөндөрдүн көбү ага жарамсыз. Азыр шайлоо убагында да аны эски, өз кызыкчылыгын өйдө койгондор курчап алды. Эми алардан тазалануу, өзүнөн алыстатуу да өтө кыйынга турат. Кыскасы шайлоодон соң аны көп проблемалар күтүп жатат.


Эл менен жолугушууда өтө көп маселелер менен кайрылуулар да көп болууда. Аларды чечүүгө убадаларын берип жатканын көрүүдөбүз. Алар чечилбесе, өлкөдөгү түйүндүү маселелер тез аранын ичинде жолго коюлбаса элдин ишеними бат эле өчөт! Элдин ишеним өчкөн өлкө кайрадан туңгуюкка кептелет!


Эң башкысы шайлоо тынч өтүп, эл жылдызы жанган Садыр Жапаровду шайлап алышын каалайм, жана элди добуш берүүгө чакырам!


Кыяз Молдокасымов, тарыхчы


Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Атыркул Аскалиева
Оор болот,бир эле президентке эмес,жалпы элге оор болот.Бул оорчулук бир кундо жаралбаганын,бир кундо жоюлбасын байыбыз да, кедейибиз да,жаштарыбыз да тушунуп,сабырдуулук,таза эмгек менен бири бирибизди ынтымака, тартипке чакырып жене алабыз.
Нурмат Мамытов
Колдойм Садыр Жапаровду
Карыбекова Гульбара.
Ооба,Садырга ото чон жоопкерчилик жуктолот.Кыргыз эли топтолгон проблемаларды чечуудо Садырга колуна кол,бутуна бут болуп жардам бериш керек.Айланасында топтолгон оз кызыкчылыгын ойлогон адамдардан арылуу керек.Эл учун,келечек учун жанын аябаган азаматтарды айланасына топтоо керек...
Нена
Кыязга эч ишенич жок. Ким бийлике келсе ошонун созун суйлойт
Садыр Жапаров задогдо калды
Садыр Жапаров эки колу эки буту байланып калган