Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 19:12
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кыйынчылык келгенде сабыр кылган адам гана чыныгы бакытка жетет...

31.10.2024 09:29
200
Кыйынчылык келгенде сабыр кылган адам гана чыныгы бакытка жетет...


Сыноо – бул мындан да акылдуурак, мындан да тажрыйбалуу, бактылуу болууга мүмкүнчүлүк.

(Владислав Котлярский)


Токчулуктун сыноосу кээде ачкалыктын сыноосунан да оор болот.

(Петр Тодоровский)


Жандүйнөнүн булчуңун чыңдаш үчүн адамдарга оор мезгил менен оор сыноолор керек.

(Эмили Дикинсон)


Ар бир сыноого сыйлык бар.

(Уильям Пол Янг)


Сүйүүсү чоң адам чоң сыноого кабылат.

(Жалалиддин Руми)


Башка аргабыз жок экенин сезгенде, биз эң оор сыноолорду да жеңе алабыз.

(Энни Прул)


Каалооң барбы, сыноого да даяр бол.

(Харуки Мураками)


Адамдар жашоо чексиз сыноолордон турат деп ойлошот. Жок, жашоо чексиз өзгөрүүлөрдөн турат.

(Екатерина Казакова)


Адам сыналмайынча анын ким экенин билиш кыйын.

(Чарлз Диккенс)


Баатыр кыйын учурда, дос болсо башка кырсык түшкөндө сыналат.

(Иоанн Дамаскин)


Оңой жашоо рухту мажирөө кылат. Сыноо гана чыйралтып, күч берет.

(Мария Фариса)


Кагылып-согулмайынча эч ким эпископ боло албайт.

(Исланд накылы)


Көп акча – бул белек эмес, сыноо.

(Мария Фариса)


Биздин үйгө бакыттын келиши оңой эмес. Ал көбүнчө сыноодон кийин келет.

(Джек Кэнфилд)


Эрдикти өлүм эмес, өмүр сынайт.

(Витторио Альфиери)


Сыноо канчалык оор болсо, анын сыйлыгы да ошончолук чоң болот.

(Эдвард Блум)


Жаанда калган киши шүүдүрүмдөн коркпойт.

(Кытай накылы)


Бирөө сынат, бирөө ийилет.

(Англис накылы)


Кыйынчылык менен тоскоолдук канчалык көп болсо, алдыдагы атак-даңк ошончолук көп болот.

(Вальтер Скоттт)


Бактысыздык – бул жаза эмес, сыноо.

(Пауло Коэльо)


Сен канчалык кыйналбагын, дагы бирөө сенден да көбүрөөк кыйналып жатканын эсиңден чыгарба.

(Тони Фергюсон)


Кудай жаңгакты дайыма тиши жок кишилерге берет.

(Мэтт Гроунинг)


Жашоонун кыйынчылыгы менен сыноолоруна чадаган адам өлүмдөн коркпосо деле болот.

(Алексей Пехов)


Эң бекем болот тозоктун оту менен чыңалат.

(Шеррилин Кеньон)


Турмушунда сыноого туш болбогон киши өмүрүн бөөдө өткөргөн болот.

(Дуглас Коупленд)


Биз үчүн Алланы эстөөдөн алаксыткан батага караганда, Аллага кайтып келүүгө мажбур кылган сыноо жакшы.

(Ибн Таймия)


Адам өзүнүн өлүмүнөн башкасынын баарына чыдайт.

(Илья Штемлер)


Адамдар жеңил сыноолорго, мисалы, унчукпоого чыдашы кыйын.

(Полибий)


Атүгүл жакшы адам да кээде оор сыноого туруштук бере албай калышы мүмкүн.

(Стефани Майер)


Оору – бул эчтеке эмес. Жеңилүү да эчтеке эмес. Жакында буга өзүңөр да ынынасыңар.

(Эрин Хантер)


Эч качан Кудайдан кол үзбө. Баардык сыноолорго чыдасаң, бейиштин дарбазасы өзү эле ачылат.

(Гавриил Ургебадзе)


Кыйынчылык келгенде сабыр кылган адам гана чыныгы бакытка жетет...

(Мухаммед пайгамбар)


Мамат Сабыров  
"Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн