Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 18:41
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Кийинки Парламенттер аралык форум Душанбеде өтөт

23.09.2025 16:43
29
Кийинки Парламенттер аралык форум Душанбеде өтөт


Кийинки Парламенттер аралык форум Душанбеде өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн "Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунда белгилүү болду.


Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали Кыргызстанды Борбор Азия үчүн маанилүү болгон бул иш-чарага төрагалык кылып, өткөрүп алганы менен куттуктап, бүгүнкү жолугушуу Түркистан жана Хивадагы форумдарда башталган салттуу, достук жана аймактын парламенттер аралык диалогдун уландысы деп белгиледи.


"Бул форумдун үзгүлтүксүз өткөрүлүшү аймактык интеграциянын баалуулуктарын урматтаганыбызды, ошондой эле Борбор Азия элдеринин кызыкчылыгы үчүн ишенимди, диалогду жана кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуп жатканыбызды көрсөтөт.


Парламенттер аралык кызматташтык жана парламенттик дипломатия аркылуу биз жалпы максаттарга жетүү үчүн жагымдуу укуктук негизди түзүүгө олуттуу салым кошорубузга ишенем", - деди ал.


Ошондой эле Рустами Эмомали кийинки форумду Душанбеде өткөрүүнү сунуштап, бул демилгени форумдун катышуучулары колдоого алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн