Бишкекте келерки аптадан тарта мектеп автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, азырынча пилоттук долбоор болгондуктан, ISUZU үлгүсүндөгү 2 автобус линияга киргизилип, бир нече гана мектептин окуучуларын ташыйт.
Жеке компания менен биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор январь айына чейин уланып, пайдалуу экени аныкталса, толук кандуу ишке ашат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн