Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кийинки айда күйүүчү майга болгон баа 6 %га кымбаттайт

23.06.2021 15:09
1252
Кийинки айда күйүүчү майга болгон баа 6 %га кымбаттайт

Июль айында Кыргызстанда күйүүчү май дагы 4-6 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.


Маалыматта учурда көп товарлардын, анын ичинен мунай заттарынын наркы улам өсүп жатканы айтылат. Фьючердик баа бүгүнкүгө бир баррелине 75 доллар болгон. Ал эми жыл ичинде 85 пайызга кымбаттаган.


"Суроо-талап өсүп жатат. Bank of America берген анализге таянсак, Brent мунайынын бир баррели 2022-жылы 100 долларга чыгат. Мындай божомолдорду ири нефтетрейдер Trafigura жана америкалык Goldman Sachs банкы да айтып жатат. Баанын көтөрүлүшүн суроо-талаптын көп, ал эми сунуштардын аз болушу менен байланыштырып жатышат", — деп айтылган маалыматта.


Булак: "Спутник Кыргызстан" 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн