Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:28
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кийинки жылдан баштап төмөнкү пайыздык ченем менен ипотекалык үйлөр курула баштайт

30.11.2022 13:34
257
Кийинки жылдан баштап төмөнкү пайыздык ченем менен ипотекалык үйлөр курула баштайт

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушу башталганын жазды.


“Жакында өз ишин жыйынтыктаган биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардан ипотекага үй алуу боюнча маселе көтөрүлүп, жыйын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 14төн 4 пайызга чейин түшүрүлгөнүн, берүү мөөнөтү да он жылдан жыйырма беш жылга чейин узартылганын, кийинки жылдан тартып ипотекага бериле турган үйлөр өлкө боюнча массалык түрдө курула баштарын билдирген.


Мамлекет башчы бул курула турган үйлөр жалаң гана мамлекеттик кызматкерлерге эмес, бардык жарандарга берилерин баса белгилеген.


Эми президенттин тапшырмасы менен жогоруда белгиленген 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды”, - деген Туманбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн