Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кийинки жумада мечиттерге коюлган чектөөлөр алынат

04.06.2020 10:17
955
Кийинки жумада мечиттерге коюлган чектөөлөр алынат

2020-жылдын 8-июнунан тарта Кыргызстанда диний мекемелерге - мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды. 

Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек. 

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет, ошондуктан жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө беткап тагынууга тийиш.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн