Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:50
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыйноолорду алдын алуу борбору 11 журналистти тергөө абагына которуу боюнча ИИМге кайрылды

29.01.2024 12:39
294
Кыйноолорду алдын алуу борбору 11 журналистти тергөө абагына которуу боюнча ИИМге кайрылды


Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырды. Улуттук борбор мындай билдирүүсүн 29-январда таратты.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, камалган журналисттерди Бишкек шаардык милициясынын жана Ички иштер министрлигине караштуу башка жайларда кармоо кыйноо катары баалана турганы айтылган.

Кайрылууда 16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай дагы деле милициянын убактылуу жайында кармалып турганы жазылган.

“Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө сотунун чечими дароо күчүнө кирери жана ал милдеттүү түрдө аткарылышы керектиги белгиленген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында Кыйноолордун алдын алуу борбору журналисттердин милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганын уюмдун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирген.

Белгилей кетсек, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн