20-февраль күнү кечки саат 20:04 чамасында Түркиянын Хатай провинциясына караштуу Дефне районунда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
"Анадолу" агенттиги кабарлагандай, жер титирөөнүн артынан эң күчтүүсү 5,8 баллга жеткен 32 жер титирөө катталды.
Кырсыктан 3 адам каза болуп, 230 адам жаракат алган. Алардын 18инин абалы оор экени айтылды.
Ошондой эле урандылар астында калган жарандар болушу мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн