Кытайдын Хэбей провинциясында 51 адамдан коронавирус табылганына байланыштуу бийлик 7-январда чектөөлөрдү күчөттү. Провинцияга кирип-чыгуу чектелди. Бул тууралуу “Азаттык” маалымдады.
“Жергиликтүү бийлик айдоочулардан жапырт анализ алып, шаардын башкы темир жол бекетин жапты. Жалпысынан Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 63 кишиге жетти. Бул 30-июлдан берки эң жогорку көрсөткүч”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн