Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыйтайлык окумуштуулар коронавирус суу түтүктөрү аркылуу жугушу мүмкүн экенин айтышты

02.09.2020 10:16
1271
Кыйтайлык окумуштуулар коронавирус суу түтүктөрү аркылуу жугушу мүмкүн экенин айтышты


Кыйтайлык окумуштуулар коронавирус канализация түтүктөрү аркылуу жугушу мүмкүн деп жарыялашты. Бул тууралуу  Bloomberg басылмасы жазды.


Изилдөөнүн негизги себеби болуп, Environment International журналына жарыяланган макаладагы эч ким жашабаган батирдеги дааратканада коронавирустун козгогучун аныктоо болгон.


Февраль айында эле окумуштуулар COVID-19 түтүктөр аркылуу жугушу мүмкүн деген божомолдорду айтышкан. Изилдөөлөрдөн кийин бул теория тастыкталган.


Коронавирус менен ооруган бейтаптар жашаган батирдин дааратканасындагы суу түтүкчөлөрү аркылуу агып чыккан суудан пайда болгон кичинекей бөлүкчөлөр аркылуу абага тарайбы же жокпу деген эксперимент жүргүзүшкөн.


Натыйжада, мындай аэрозолдук бөлүкчөлөр үйдүн 10 жана 12 кабаттарында табылган, андан мурун  ал батирлерде да инфекция жуккан учурлар тастыкталган.


Мурда, мындан 17 жыл мурун Гонконгдо пневмония оорусунун (атипичная пневмония) тарап кетишине да суу түтүктөрү себеп болгондугун Bloomberg баса белгилеген.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн