Каракол шаарында 5-кабаттан 16 жаштагы кыз боюн таштады. Бул тууралуу жергиликтүү милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ түндө болгон. Саат 23төр чамасында өспүрүм кыз 5 кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, ошол жерден секирген.
Кыз ооруканага жеткирилген. Анын мындай кадамга баруу себептери иликтенүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн