Жалал-Абадда аттракциондон кулап түшкөн эки жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде болжол менен саат 23:55те Жалал-Абад шаарынын Жеңиш паркындагы аттракционго Сузак районунун 25 жаштагы Н.Ж., жана Н.Н., аттуу тургундары ойногону чыгышкан, бирок отургуч сынып кетип, жыгылып кетишкен.
Жабыркаган эки жаран Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген.
Окуя Жалал-Абад шаардык милициясынын КБРнын "Кокустук” беренеси менен катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
"Турмуш" басылмасынын маалыматында аттракциондон кулаган жаштар кыз-жигит болуп жүргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн