Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыздар көп чегип жатат. Ташиев электрондук тамекиге тыюу салууну сунуштады

02.03.2023 11:37
657
Кыздар көп чегип жатат. Ташиев электрондук тамекиге тыюу салууну сунуштады

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев электрондук тамеки, вейптерге тыюу салууну сунуштады.


Анын айтымында, бул маселе улуттук деңгээлде карала турган иш.


"Акыркы кезде жаштар арасында, өзгөчө, кыз-келиндер дагы вейптерди көп колдонууда. Бул канчалык зыяндуу, ага кандай заттар кошулат белгисиз. 

Мамлекеттин өзөгүн эл түзөт. Ошондуктан ар бир жарандын ден соолугу анын ичинде кыздардын ден соолугу өтө маанилүү.


Саламаттык сактоо, Ички иштер министрлиги биргеликте ушул маселе күрөшүп, керек болсо мындай зыяндуу нерселерге тыюу салыш керек",- деди депутат Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн