Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыздары кыйын кыргыздын! Бермет Абдрахманова Германияда парламенттик шайлоого аттанды

20.04.2023 10:40
421
Кыздары кыйын кыргыздын! Бермет Абдрахманова Германияда парламенттик шайлоого аттанды



Бермет Абдрахманова Германияда депутаттыка ат салышмакчы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.


 Маалыматка ылайык, Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 


Ал Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берет. Ал шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист. 

 Бермет Абдрахманова Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы.


   "Берметтин депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү. 


   Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тен ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет",- деди элчи Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн