2022-жылдын 23-февраль күнү саат 20.12де Ош шаарынын «Тез жардам» кызматы Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн беш кабаттуу 11-үйүнүн там башынан кулап 13 жашар баланын каза болгондугун билдирген. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алгачкы териштирүү иштерин жүргүзү учурунда аталган 2008-жылы, октябр айында туулган өспүрүм аталган беш кабаттуу үйдүн там башынан боюн таштап, каза болгондугу аныкталган. Анын өмүрүн акыркы минуттарында жанында болгон теӊтушунун айтуусуна караганда ошол күнү кечки саат 18.00 чамаларында каза болгон бала менен чогуу там башында чогуу отурган.
Теӊтушунун көрсөтмөсүнө караганда, адегенде жалпысынан 5 өспүрүм там башында болушкан, үч өспүрүм эрте эле түшүп кетишкен. Там башында каза болгон бала менен теӊтушу калган. Ошол учурда маркум теӊтушунун телефонун сурап алып, бир кызга видеочалуу аркылуу сүйлөшүп, аягында «кош бол, мени кечир» деп айткан. Телефонду кайтарып берген соӊ, «Апа, мени кечир» деп айтып, капыстан өзүнүн боюн таштап жиберген. Телефонун берип турган теӊтушу анын мындай чукул кадамга барып, боюн таштап жиберээрин күтпөгөн. Саат 19.30 чамалары болуп калган.
Күбө катары суралышкан теӊтуштарынын, жакындарынын берген көрсөтмөсүнө караганда ал: «Мен өлөмүн, март айында жок боломун, мени көрбөйсүнөр» деп айтып келген.
Учурда бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн