Бишкекке жакын кызгалдак талаасынан сүрөткө түшүүнү каалагандар арасында мыйзамды сактоо жана фермерлердин эмгегин урматтоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн 10-майда билдирди.
Маалыматка караганда, кызгалдак талаасында бири-бирине кол көтөргөн аялдар боюнча эч кимден арыз-даттануу түшкөн жок. Азыр ал аялдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Талаанын ээси окуя тууралуу кошуналарынан укканын, ал аялдарды тааныбай турганын айтып берген.
Милиция билдиргендей, кызгалдак талаасындагы окуя Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн