Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл-Аскерде №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кошумча имарат курулат

27.10.2022 10:17
682
Кызыл-Аскерде №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кошумча имарат курулат

“Кызыл-Аскер” конушунун Сельсовецкая көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 кабаттуу, жер төлөсү менен кошумча имарат курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, жаңы имарат 150 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт.


Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот.


Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.


Кошумча имарат куруу үчүн «Нак Строй» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн