Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кызыл-Аскерде ачылган күндүзгү стационардан 493 адам дарыланды

15.07.2020 14:43
995
Кызыл-Аскерде ачылган күндүзгү стационардан 493 адам дарыланды


Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер районунда жайгашкан "Арал" кафесинде ачылган күндүзгү стационардан 493 адам дарыланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  


Маалыматка караганда, аталган күндүзгү дарылоо борбору шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу төрага Дастанбек Жумабековдун демилгесинин негизинде эл өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов жана мурдагы депутат Руслан Чойбековдун көмөгү менен ачылган.


Анда курч мүнөздөгү вирустук инфекцияга жана жеңил формадагы өпкөнүн сезгенүүсүнө кабылган жарандар үчүн 50 орундуу дарылоо шарттары түзүлгөн. Стационарда 3 дарыгер, 5 медайым, 2 санитардык кызматкер иш алып барууда. Андан тышкары, ичинде дарыкана ачылган. Ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттары, тамак-аш жана жашаган жай менен камсыздалган, дарылоо жайында кычкылтек концентраторлору да бар.


Күндүзгү стационар Дэн Сяопин көчөсүндө (№199) жайгашкан. Саат 08:00дөн саат 19:00гө чейин иштейт. Бардык каалоочулар кеңеш алуу жана дарылануу үчүн кайрыла алышат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн