Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы бала дайынсыз болууда

05.08.2022 15:51
1225
Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы бала дайынсыз болууда

Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы бала жоголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

 

 Маалыматка караганда,      Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында анын уулу 2008-жылы туулган Кайымов Элдияр Таалайбековичти өзү жашаган Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндөгү үйүнөн 2022-жылдын 20-июль күнү, ажырашкан күйөөсү Кайымов Таалайбек Шакирович түрдүү нерселер менен алдап, үйдөн алып чыгып кеткендигин билдирген. 


      Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБне катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болду.

      Баланын белгилери: бою 165-170см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.

      Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.  


      Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү баланы көрүп билгендер болсо, Кызыл-Кыя ШИИБдин байланыш номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз.


Байланыш номерлер: (03657) 102, 5-04-20, 0779 818 131



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн