Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кызыл-Кыя шаарында 5 ата-энеге айып пул салынды

21.11.2022 11:07
521
Кызыл-Кыя шаарында 5 ата-энеге айып пул салынды

 


 Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Камкордук” аталыштагы алдын алуу иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарын, балдар топтолуучу жайларды жана темир жол бекеттерин текшерүүгө алды. Балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылды.


Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин негизинде 5 ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн