Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:25
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

15.11.2022 13:59
523
Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


2022-жылдын 15-ноябрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарын кыдырып, элдер менен жолугушту.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери бул жолугушуу кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында өтүп жатканын билдиришти. Эл менен жолугушууда батир уурулуктарына, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичпөө, тамеки тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.


Андан сырткары, Асаналиев көчөсүндө жол тыгынын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 9 протокол толтурулду. Бул жолугушууда милиция кызматкерлерине жалпысынан 7 атуул кайрылып, аларга юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн