Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кызыл-Кыяда унаа жана акча уурдап качып кеткен өспүрүм бала кармалды

29.07.2020 15:49
1046
Кызыл-Кыяда унаа жана акча уурдап качып кеткен өспүрүм бала кармалды

 

Кызыл-Кыя шаарынан унаа жана 195 миң сом уурдоого шектелген 16 жаштагы өспүрүм Ошто кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, 20-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну милицияга кайрылып, Кулатов көчөсүндө токтотуп койгон “Дэу Дайхатсу” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин кабарлаган.

Аталган факты боюнча 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өдүрүш иши башталган. Уурдалган унаа Кадамжай районунун Алга айылындагы көчөлөрдүн биринде сүзүлгөн абалда табылган.

Ал эми кылмышка шектелген Баткен шаарынын 16 жаштагы А.М. аттуу тургуну жоопкерчиликтен кутулуу максатында Ош шаарында качып, жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө ушул шектүү 21-июль күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы “Баяман баатыр” базарындагы К.Ж.га таандык “Мерседец-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 195 миң сом акча жана унаанын документтери салынган сумканы уурдап кеткени аныкталган.

Кылмышка шектүүнү Ош шаарынан кармашканда жанынан уурдалган сумка жана унаанын документтери далил буюм катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн