Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кызыл-Кыяда 19 жаштагы жаранды себепсиз сабаган жаран Оштон кармалды

29.12.2022 11:06
324
Кызыл-Кыяда 19 жаштагы жаранды себепсиз сабаган жаран Оштон кармалды

Кызыл-Кыя шаарында бейбаштык кылган жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы А.у.У аттуу тургуну 2022-жылдын 21-декабрь күнү түнкү саат 02.30дар чамасында уктап жаткан үйүнө Караван айылынын 26 жаштагы И.У. аттуу тургуну белгисиз себептер менен үйүнө бастырып кирип, себеби жок уруп, денесине жараат келтиргени боюнча милицияга арыз менен кайрылган.


Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү уюшкан кылмыштуу топтун 26 жаштагы И.У. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалган.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн