Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кызыл-Кыяда 5 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

16.03.2023 08:26
274
Кызыл-Кыяда 5 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кадамжай районунда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-март күнү түнкү саат 21:45 чамасында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу унаасы менен 2017-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Натыйжада жөө жүрүүчү А.Н. аттуу жаран денесинен жараат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен айдоочу Кадамжай районунун 1953- жылы туулган М.Н. аттуу жараны «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен табылган.

Учурда айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн