Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүп, качып бараткан издөөдөгү шектүү жаран кармалды

13.07.2020 16:24
1006
Кызыл-Кыяда адам өлтүрүп, качып бараткан издөөдөгү шектүү жаран кармалды


Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүрүп качып бара жаткан адам автобекеттен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматнан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Пионер көчөсүндө өздүгү такталбаган эркек адамдын жансыз денеси жатканы боюнча кабар түшкөн.


Аталган факт 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


“Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу, маркумдун аркасына учтуу буюм бир нече жолу сайылганы, колу жана бетинде ар түрдүү жаракаттар бар экени, тактап айтканда киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ага катар эле ал Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы тургуну экени такталды”, - деп айтылат маалыматта.


Кылмышка шектелип мурда бир нече жолу оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолгон, Токтогул шаарындагы жаза аткаруу мекемеси тарабынан 2019-жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы И.И. аттуу тургуну кармалган. Ал жоопкерчиликтен кутулуу максатында Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен колго түшүрүлгөн.


Маалыматка таянсак, учурда маркумга карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн