Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыяда балта менен коркутуп каракчылык кылгандар кармалды

19.02.2021 15:00
573
Кызыл-Кыяда балта менен коркутуп каракчылык кылгандар кармалды

Кызыл-Кыя шаарында каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-февралында саат 22:30дар чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 72 жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш 25-30 жаштагы эки жигит кирип, чөнтөгүндөгү 3,5 миң сомун тартып алышкан. Алар карыяны балта менен күч колдонуп коркутуп, урушкан.

Аталган факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Атайын жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Араван районунун Төө-Моюн айылынын 23 жаштагы С.Г. жана Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы И.А. аттуу тургундары кармалган. Шектүүлөрдүн биринчиси буга чейин эки жолу сот жообуна тартылган, ал эми экинчиси мурда оор беренелер менен соттолгон.

"Кармалган эки жигит убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн