Кызыл-Кыяда милиция жетим балдарга окуу куралдарын алып берди.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Кызыл-Кыя ШИИБнин начальнигинин орун басары өзүнүн демилгеси менен аз камсыз болгон, шарты жок, жарым жетим 2 балага мектеп куралдарын, мектепке көтөргөн сумкаларды жардам иретинде берди.
"Жетим балдарга көңүл буруп, аларга камкордук көрүү инсандык парзыбыз. Ата-энесинин мээриминен ажыраган балдардын көйгөйлөрүнө көңүл кош карабастан, жыл сайын эле жардам берип келем. Жаш балдар бул биздин келечек! Колубуздан келишинчи мындай саамалыктарды уланта беребиз",- деп билдирди милициянын подполковниги.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн