Теке 01, 2024
Убакыт: 04:42
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Кызыл-Кыяда муниципалдык мейманкананын курулушу башталды

28.06.2024 16:40
127
Кызыл-Кыяда муниципалдык мейманкананын курулушу башталды


Кызыл-Кыя шаарында муниципалдык мейманкананын курулушу башталды. Бул тууралуу преденттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, бул үчүн Баткен облусун өнүктүрүү үчү́н республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдон 23,6 млн сом жумшалат.

Долбоор боюнча 15 бөлмөдө 20 орун болот. Ошондой эле бир жыйындар залы каралган. Курулуш 2024-жылдын октябрь айына бүткөрүлүп, шаар күнүнө карата пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Мында 10-15 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Долбоордун максаты максат шаар конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү менен жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү бюджетти өстүрүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн