Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды

07.09.2022 10:31
405
Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды



Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ооруканада уурулук кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз атуулдар уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган Т. у М. кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн