Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде өзбекстандык тургундун өлүмүнө шектүү жигит кармалды

10.09.2020 16:22
1142
Баткенде өзбекстандык тургундун өлүмүнө шектүү жигит кармалды


Кызыл-Кыя шаарында өзбекстандык тургундун өлүмүнө шектүү делип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде 3-сентябрь күнү жашы 35-40 чамасындагы, азиат улутундагы атуул денесинен оор жараат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасына жеткирилген.


Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлөт. 


Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу 36 жаштагы Өзбекстандын Таш-Дөбө анклавынын тургуну экендиги аныкталып, ал 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында мас абалында, баш жагында оор жарааттары менен жаткан жеринен ошол жерде өтүп бара жаткан атуулдар, Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиргендиги аныкталган. Жабырлануучу алган жараатынан улам 4-сентябрга өткөн түнү каза болгон. 


Бул өндүрүш иши кылмыштын квалификациясы Жазык кодексинин 138-беренеси менен өзгөртүлүп, каза болгон жаранга соттук- медициналык экспертизалар дайындалат. 


Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунун Кызыл-Кыя шаарында үйүнөн жашынып жаткан жеринен аныктап, кармап убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн