Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыяда убактылуу кармоочу жайындагы 6 жарандан COVID-19 табылды

17.09.2020 15:43
875
Кызыл-Кыяда убактылуу кармоочу жайындагы 6 жарандан COVID-19 табылды


Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында 14-сентябрь күнү 6 жарандан COVID-19 аныкталган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында пандемия башталгандан бери эле санитардык эрежелердин нормалары так сакталып келет. 


"Убактылуу кармоочу жайга келген ар бир жаран ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн белгиленген мөөнөтүндө келип, УКЖ ичиндеги дезинфекция иштерин, ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн атайын дарыгери УКЖда кармалган ар бир жарандын ден соолугун текшерип, көзөмөлдөп турат. Бирок УКЖда кармалган жарандар соттук-тергөө иштерине, соттук-кароого катышып турушат. 


Көзөмөл иретинде экинчи жолу анализ тапшырган учурда УКЖда кармалган 6 жарандан 14-сентябрь күнү COVID-19 аныкталган. COVID-19 аныкталган жарандар ошол күндөн тарта өзүнчө камераларга жайгаштырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.


"Баткен облусундагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын УКЖнын кызматкерлери санитардык коопсуздук эрежелерин сакташкан жок, вирустук инфекциянын алдын алуу боюнча маалымат бурчу жок деген сөзү чындыкка дал келбейт. Анткени ал жерде кызмат өтөгөн ар бир кызматкер кол кап, антисептикалык каражаттар, беткап менен толук камсыз болушуп, атайын вирустук инфекциялык бурчтар даярдалып, жетекчилик тарабынан күн сайын текшерилип турат.


Убактылуу кармоочу жайда шаардык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери О.Балтабаева тарабынан дезинфекция иштери жасалып турат. Акыркы жолу дезинфекциялоо иштерин 15-сентябрда жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн