Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 13:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Кызыл-Кыядагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен

03.01.2025 12:22
1051
Кызыл-Кыядагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен


Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн эртең менен молдо Кызыл-Кыя шаарындагы Аль-Гуфран мечитине азан чакырууга келип, ак шейшепке оролгон кичинекей эркек баланы таап алган.

Аталган факты 2025-жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык бириккен ооруканасына жеткирилип медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды, абалы туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн