Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын Борбор Азиядагы башкы кеңсеси Бишкекте ачылат

22.05.2023 16:13
429
Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын Борбор Азиядагы башкы кеңсеси Бишкекте ачылат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Кыргызстанга сапар менен келген Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын (КК жана ККЭФ) башкы катчысы Джаган Чапагейнди кабыл алды.


Кыргызстан менен ККЭФтин өлкөдөгү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам жана социалдык колдоо боюнча жасалган долбоордук ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды.


Мамлекет башчысы Джаган Чапагейнди экинчи мөөнөткө башкы катчы болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.


Садыр Жапаров 2022-жылы тоо экосистемасын сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясынын кабыл алынышын белгиледи. Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга терс таасиринин күчөп бараткандыгын эске алуу менен ал табигый кырсыктардан келтирилген зыянды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын масштабын азайтуу боюнча алдын алуу чараларды көрүү жаатында ККЭФ менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Президент учурдан пайдаланып, өзгөчө COVID менен күрөшүүдө жана Тажикстан менен жаңжал маалында жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына көрсөткөн жардамы үчүн федерацияга ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде башкы катчы Дж.Чапагейн Кыргызстанда ККЭФ ишмердүүлүгүндө климаттык күн тартибинин актуалдуулугун белгиледи, анткени бийик тоолуу өлкөлөрдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө караганда эртерээк жана курчураак билинет.


Ал ошондой эле мамлекет башчысына уюмдун Борбор Азия боюнча аймактык кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу боюнча кабыл алынган стратегиялык чечим тууралуу маалымат берди.


Жыйынтыгында тараптар ККЭФ менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташуусуна даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн