Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл эмес, көк. Желекти өзгөртүү боюнча депутат өзүнүн сунушун айтты

21.12.2023 11:08
148
Кызыл эмес, көк. Желекти өзгөртүү боюнча депутат өзүнүн сунушун айтты


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев желекти өзгөртүү тууралуу айтты. Ал демилгени колдой турганын белгиледи. Бирок, желек көк түстө болушу керектигин билдирди.


«Кечээ сиз желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун караганыңызда мен жок болчумун. Добуш бере алган жокмун. Мен сиздин демилгеңизди колдойм. Бирок мен көк түс жөнүндө айткам. Эмнеси болсо да кийинчерээк желегибиздин түсүн көк түскө өзгөртүү боюнча өз сунушумду айтам», - деди ал.


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев күлүп жиберди.


Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда карап, талкуусуз кабыл алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн