Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кызыл килемден өтүп. Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

01.11.2021 15:46
2027
Кызыл килемден өтүп. Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

2-ноябрь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Маданият кызматкерлеринин күнү” белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


Иш- чаранын ачылышы Кыргыз Республикасынын эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүүсү менен башталып, “Кыргыз маданиятынын залкарлары” даректүү тасмасы көрсөтүлөт.


Ошондой эле, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры , К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы, Б. Бейшаналиева атындагы Маданият жана искусство университети, А. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык- мектеп- интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталат.

10:30 Кыргыз Республикасынын эл артисттердин кызыл килемден өтүүсү; 11:00 салтанаттуу иш - чаранын башталышы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн