Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл китепке кирген маралды атып, жиликтеп жаткан жарандар аныкталды (видео)

01.11.2021 15:06
928
Кызыл китепке кирген маралды атып, жиликтеп жаткан жарандар аныкталды (видео)

31-октябрь күнү Сары-Челек коругунда Туура-Арык тилкесинде корук кызматкерлери  атылган маралды союп жаткан топту табышкан. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.


Белгилүү болгондой, мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болгон. Жеке тинтүү жана аймакты кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Материалдык далил катары малдын териси, башы жана өлүгү алынган. Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн