Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кызыл китепке кирген сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу иштерине бөгөт коюлду (фото)

23.06.2023 13:40
760
Кызыл китепке кирген сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу иштерине бөгөт коюлду (фото)


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан контрабандалык ишке каршы күрөшүү боюнча иш-чаранын жүрүшүндө, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жоголуп кетүү коркунучунда турган - 160 кг (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрү, Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана ташуу аракети аныкталып, бөгөт коюлду.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, сайгак мүйүздөрү Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып бара жатканы аныкталган.


Негизги кылмышкерлер мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер, Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлү кылдат экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр «Сайга татарика» (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин тастыктаган. Маалымат иретинде: Өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке "Жок болуу алдында турган түрлөр" статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Россияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт.


КР УКМК тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле сайгактын мүйүздөрүн мыйзамсыз ташууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.


Кыргыз Республикасынын УКМК Жаныбарларга, анын ичинде Эл аралык Кызыл китепке кирген жаныбарларга мээримсиз анчылык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга алып келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн